Азирети Муфтий Бенгазиге аттанган жаш карыларды кабыл алды

Бүгүн, 8-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ливияда өтүүчү эл аралык Куран жарышына аттанган жаш карыларды кабыл алды. Хафиздерди Азирети Муфтийге «Абдулла ибн Аббас» Куран жаттоо медресесинин мүдүрү, аталган конкурска байкоочу катары чакырылган Асилбек кары Таштемиров тааныштырып, жарыш боюнча маалымат берди.

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын атынан катышуучу конкурсанттарга ийгилик каалап, буларга токтолду.

«Карылар күнөстүү өлкөбүздүн байлыгы. Кудайга шүгүр, мыкты карылардан уучубуз кур эмес. Спортчуларыбыздай эле, хафиздерибиз да эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлдерге чыгып, өлкөбүздүн атын чыгарып келишет. Албетте, Куран саамалыгына катышуунун өзү чоң жетишкендик. Жеңил барып оор келиңиздер. Алла Таалам береке жана ийгилик берсин».

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-20-май аралыгында Ливиянын Бенгази шаарында өтүүчү Эл аралык Куран конкурсу 2 критерий боюнча өткөрүлөт.

1) Катышуучу Куранды жатка окуйт;

2) Куран тафсирин сөздүк маанилери менен айтып берет.

Тактап айтканда, Курандан суроо берилет. Конкурсант жатка окуйт жана маанилерин айтып берет.