Максат кары Сидиков: «Мамлекетибиздеги дин эркиндиги баа жеткис байлык»

Ош облусуна караштуу Араван районунда экстремизм жана терроризмдин, ошондой эле улуттар аралык кастыктын алдын алуу жана азыркы учурдагы актуалдуу маселелерден болгон никаб маселелери боюнча жалпы дин кызматкерлеринин катышуусунда иш-чара өткөрүлүп, анда Араван районунун баш имам хатибинин орун басары Максат кары Сидиков өз баяндамасын жасады.  

Аталган иш-чарага ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Араван РИИБдин ЭММКАКнын улук ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Мунарбек Маматалиев, Ош ОИИБдин ЭММКАКнын улук ыкчам өкүлү, милициянын улук лейтенанты Ыйманбек Козуев, райондук имамдары медресе устаздары жана студенттери катышты. 

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Максат кары Сидиков сөз алып,

“Мамлекетибиздеги дин эркиндиги өтө баа жеткис байлык жана немат. Бул нематтын шүгүрчүлүгүн бул мамлекетибиз берген эркиндикти туура пайдаланып, чөйрөбүздөгү адамдарга туура түшүндүрүп жана келечек муунга туура жеткирүү менен аны аткарган болобуз. Ошондуктан өзүбүз жетекчилик кылып турган айыл жамааттарына туура түшүндүрүү менен эркиндигибизге көз тиккендердин максаттарына жетүүсүнө жол бербейли”, – деди.  

Жыйындын соңунда катышуучулардан келген диний суроолорго жооп берди.