«Аль-Фарук» медресесинде матуридилик акыйдасы боюнча лекция окулду

Бүгүн, 8-май күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан «Аль-Фарук» медресесинин студенттерине атайын акыйдалык семинар уюштурулду. Саамалыктын алкагында 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матуриди» илим изилдөө борборун түзүү боюнча чечими жана Аалымдар Кеңешинин №1 токтомун ишке ашыруунун негизинде матуридилик акыйдасы боюнча лекциялар окулду.

Аталган иш-чарага КМДБнын даават үгүт-насаат жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакытбек ажы Усманов, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кабылбек ажы Акматов, Самаган ажы Мырзаибраимов, Мирзат ажы Барпыбеков, Эмилбек ажы Андартегин, Бекжан ажы Асивеевдер катышып, лекцияларын окушту.