Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облус мусулмандарынын казысы жана район, шаарлардын баш- имам-хатибдери менен кеңешме өттү. Кеңешмеге облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты.

Жыйында үч маселе каралды. Алар:

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;

— Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнүн зарылдыгы;

— Мыйзамсыз курулган диний объектилердин абалы.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев экстремизм жана терроризмдин алдын алууда профилактикалык иш-чарларды күчөтүүнү, өзгөчө жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча комплекстүү иш алып барууну суранды. Ошону менен катар эзелтен тарыхыбызга жана жан дүйнөбүзгө сиңген салттуу ислам дини тууралуу коомчулукка туура маалымат жеткирүү, аймакта улуттук жана диний биримдикти сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү айтты.

Муну менен катар облус башчысы дин кызматкерлери, саламаттыкты сактоо жана жергиликтүү бийлик органдары биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп, элге туура жана так маалымат берүүнү тапшырды.

Ал эми эсептик каттоодон өтө элек мечиттер боюнча мыйзам чегинде тийиштүү иш аракеттерди көрүү, документтерин даярдоо боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.