Баткен казыятында баш имам-хатибдерге жыйын өтүп, маанилүү маселелер талкууланды

Баткен казыятында район, шаарлардын баш имамдарына Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жыйын өтүп, анда диний көйгөйлөр талкууланды.

Жыйында аймакта аткарылып жаткан диний иш-аракеттер талкууланып, коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алууда, элди ынтымак, биримдикке чакыруу, адеп-ахлак жана дин баалуулуктарын жайылтуу боюнча активдүү иш алып баруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, сунний багыттагы матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабын бекемдөө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер каралды.

Жыйын соңунда казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, айрым кемчиликтерди жоюу механизмдери бекилди. Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров тийиштүү иш аракеттерди аткарууда тапшырмаларга кайдыгер мамиле кылгандарга чара көрүлөрүн эскертти.