Абибилла ажы Кадырбердиев Барак айылына мечит салуу үчүн даярдыктарды баштады

Бүгүн, 9-май күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу районундагы Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандарга курулуп жаткан айылга барып, мечит салуу үчүн даярдыктарды баштап берди.

Ага ылайык, айыл тургундары үчүн мечитке ажыратылган жер тилкесин өлчөп, жерге жана элдин санына жараша мечиттин көлөмү, мечитке кошо салынышы керек болгон кошумча имараттардын долбоору боюнча сүйлөшүлдү. Ошону менен бирге облус казысы кыбыласын тактап, мечиттин пайдубалы түшө турган жерге казык да кагып берди.

Негизинен облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Барак айылынын тургундарына мамлекет тарабынан турак-жайлар, социалдык объектилер курулуп жаткан учурда, дин кызматкерлери да четте калбай, салым кошууну ниет кылып, буйруса жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен мечит куруу иштери башталуу алдында тургандыгын билдирди.

«Учурда өлкөбүздөгү мечиттердин абалдары бир кыйла жакшырып, ибадат кылуу үчүн түзүлгөн шарттар, заманбап даараткана, атайын ашканалары да курулуп жатат. Биз дагы бир нерсеге көңүл бурушубуз керек. Ал мечит имамына үй куруу маселеси болуп жатат. Мечиттин жанына имамга вакф үй курулса, имамдар алыскы аймактардан келип дайындалса да, вакф үйгө жайгашып, имамдык милдеттерин аткара бермекчи. Буйруса бул мечитке имам үчүн атайын чакан үй да кошо салуу пландалган», – деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле, курулуштун жүрүшүндө тиешелүү документтер өз учурунда жасалып турушун жана мечит салынып бүткөндө документтери да кошо бүткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.