Баткенде 24 саат бою Куран окуу иш-чарасы аяктап, бата кылынды

Бүгүн, 9-майда Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулган бир ай бою 24 саат Куран окуу саамалыгы аяктады. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде Баткен казыяты тарабынан облустагы райондук, шаардык хатибияттар менен биргеликте Баткен телеканалынын техникалык колдоосу аркылуу уюштурулду.

Иш-чарада жалпы элге арналып бата кылынды. Андан соң облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров Куран окуу долбооруна катышкан карыларга ыраазычылык билдирип, казыяттын ыраазчылык катын жана ачкалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 24 саат Куран окуу саамалыгы алгачкы ирет Бишкек шаарында старт берилген. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусунда да уюштурула баштаган. Жалал-Абад казыяты саамалыкты Ош облусуна, Ош облустук казыяты 1 айдан соң Ош шаарына, ал эми Ош шаардык казыяты Баткен облусуна өткөрүп берген болчу.