Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров дин аалымы Жигитали ажы Исмаиловдун атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров дин аалымы Жигитали ажы Исмаиловдун  атасы Исмаилов Кудратилла ажынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Жигитали ажы! Кудратилла ажы атабыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам.  Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум атаңызды Өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кудратилла ажы өмүрүн дин жолуна арнап, мечит жана медреселерде эмгектенип, студенттер үчүн таалим-тарбиясын берип келген.

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров.