Бишкек шаарындагы жалпы имамдарга кезектеги жыйын өттү

Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлүп, ага жалпы 75 мечиттин имамы жана райондук баш имам-хатибдер катышты.

Жыйында бир катар орчундуу маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Алсак:

– Зыяндуу наркотикалык заттардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу;

– Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;

– Дин кызматкерлерин ротациялоо;

– Каттоодон өтө элек мечиттердин жалп абалы;

– Имам-хатибдердин иш-чараларды уюштуруусу.

«Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы боюнча ордо калаадагы имамдар ар жума баянында бири-бири менен тажрыйба алмашуу максатында иш алып бара жатышат. Ошону менен бирге, ар жума баянында эскертилип туруучу темаларды тапшырма катары айтып жатабыз. Мисалы: зыяндуу наркотикалык заттар, зордук-зомбулуктун алдын алуу, экстремизм жана терроризм боюнча кыскача эскертүү түрүндө айтылып туруусу керек», – деди  шаар казысы Шакир ажы Маматов.