Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарындагы жума мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 10-май күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарындагы жума окулуучу мечит имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Ишембилик иш-чараларына активдүү катышуу;

— Жума баянына кошумча синтетикалык баңгизаттардын кесепеттери тууралуу айтуу;

— Берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу;

 Жоопкерчилик ж.б. маселелер каралды.

«Синтетикалык баңгизаттардын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болууда. Жаштарыбызга кайдыгер болбой, баскан-турганынан кабардар болуп, тарбиясын көзөмөлдөө керек. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жоопкерчилик менен аткаруу керек», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.