Талас казыяты фитир-садакаларды таратты

Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан 2024-жылдагы жыйналган фитир-садакаларды муктаждарга, жетим-жесирлерге, майыптар үйүнө жана ошондой эле чет өлкөлөргө оор операцияларга кетип жаткан жарандарга таратып берилди.

Тактап айтканда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, «Жаркын-Келечек» майып балдар үйүнө, Индия, Түркия өлкөлөрүнө оор операцияга кетип жаткан адамдарга жана казыятка келип түшкөн арыз-кайрылуулардын негизинде оруп жаткан жана жардамга муктаж адамдарга 2024-жылдагы казыятка келип түшкөн фитир-садакадан 600 000 (алты жүз миң) сом таратылды.

Аталган мекемелерге облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу өздөрү барып, ал жерде жашаган жарандардын ал-абалын сурап, фитир-садакаларды дарегине жеткирди.