Бекназар ажы Жапаров «Хамиджан кары» медресесин зыярат кылып, андагы курулуш иштери менен таанышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Жаңы Ноокат айыл өкмөтүндөгү «Хамиджан кары» медресесин зыярат кылып, андагы жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

«Хамиджан кары» медресесинде окуу жайдын шарттарын жакшыртуу максатында тиешелүү талаптарга жооп бере турган заманбап шарттары менен ашканага ылайык имарат курулуп жатат.

Айта кетсек, аталган окуу жай 2017-жылы өз ишмердүүлүгүн баштап, акыркы эки жылдан бери ишмердүүлүгүндө бир топ жандануу пайда болгон. Негизинен окуу жай 60 балага ылайыкталып, демөөрчүсү жергиликтүү эл болуп саналат.