Эмирлан ажы Бообеков Кабылан-Көл айылынын тургундары менен жолугушту

Кечээ, 10-май күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Курманжан-Датка айыл аймагындагы Кабылан-Көл айылынын тургундары менен жолугушуп, «Кабылан-Көл 2» мечитинде жума баяндамасын жасады.

«Кудай Тааланын бизге берген жакшылыктарынын (немат) бири – ден соолук. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын да хадисинде келет эмеспи «Эки немат (жакшылык) бар. Бирок, көпчүлүк ага маани бербейт. Биринчиси ден соолук, экинчиси бош убакыт». Ошондуктан, өзүбүзгө кам көрүп, денебизге, руханиятыбызга зыянын тийгизген тамекиден, насывайдан, арак-ичимдиктерден жана наркотиканын бардык түрлөрүнөн алыс болушубуз зарыл. Зыяндуу заттардын бардыгы – бир эле өзүбүзгө эмес, балким, үй-бүлө, бала-бакырабыздын ден соолугуна жана коомчулукка өзүнүн терс таасирин тийгизери баарыбызга айдан ачык», – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, Кабылан-Көл айылында 2 мечит бар. Алардын биринде жума окулат.