Бекназар ажы Жапаров райондогу жооптуу имамдарга жыйын өткөрдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу жооптуу имамдарга жыйын өткөрүп, облустук казыяттын көчмө жыйыны Ноокат районунда болорун айтып, ага карата имамдарды жыйынга келүүсүн толук камсыздап берүү жана башка маселелер каралды.

— Жума мечит имамдары айрым учурларда тажрыйба алмашуу максатында башка мечиттерде баяндама жасоосу;

— Дин кызматкерлеринин сырткы формасына көңүл буруу;

—  Облустук деңгээлде өтүшү пландалып жаткан «мыкты мечит» конкурсуна даярдыктарды көрүү;

— Динде аша чабуулардын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

«Жума баяндарын сапатын жакшыртуу максатында жана тажрыйба алмашуу үчүн айрым учурларда жума мечит имамдары башка мечиттерде жума баянына чыгат. Ошондой эле, дин кызматкерлеринин сырткы формасына көңүл буруусун бир катар эскертип өтүү керек жана мечиттердин да абалын жакшыртуу максатында облустук казыят тарабынан конкурс пландалууда. Ошол конкурстун критерийлерине даярдыктарды көрүү керек», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.