Миң-Булакта эски мечиттин ордуна жаңы мечит салынып, пайдаланууга берилди

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында эскилиги жетип авариялык абалда турган мечит мындан бир жыл мурда сүрдүрүлүп, ордуна жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн «Саламат» атындагы жаңы мечиттин ачылышы болду. Ачылышка Нарын облусунун казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кошалиев жана айыл  тургундары катышты.

Алгач келген элге Кумарбек Орозалиев мечиттин салынган сапатына, ички жасалгасына, мечиттин документинин өз убагында бүтүшүнө жана мечиттин салынышына жардам колун сунган бардык адамдарга ыраазычылыгын билдирип өттү.

“Карап көрсөк бардык жагы төп келген мындай мечиттин салынышы жакшы, бирок кароосуз калганы жаман. Сиздерден сураныч, мечиттин ичин бош калтырбай келип туруңуздар. Үйдөн окулган намазга караганда, мечиттен окулган намаз сооптуураак болот”, – деди Кумарбек Орозалиев.

Адамдын жүрөгүндө бир муштум эт болуп, мына ошол эт таза болсо, адамдын тулку бою таза болот экен. Ал эт – жүрөк. Ал эми биздин айылдын жүрөгү – бул биздин мечит. Келиңиздер ушул жаңы салынган мечитибизди аярлап, таза кармайлы», – деди Миң-Булак айыл башчысы Бакыт Кошалиев.

Ошону менен бирге мечиттин салынышына жакындан колдоо көрсөткөн “Бай Алим” курулуш компаниясына жана айыл тургундарына ыраазычылык баракчаларын тапшырып өттү.