Ош облусунда жалпы дин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Кечээ, 11-май күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган облустагы жалпы дин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Ишембиликте мечит-медреселердин ички-сырткы айланасы менен гана чектелбестен, диний объектилерге жакын болгон көчөлөрдү да кошо тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Абибилла ажы Кадырбердиев казыят кызматкерлери менен биргеликте казыяттын имараты жайгашкан жерден ишембилик иштерин баштап, андан соң башка аймактарда болуп жаткан ишембилик иштерин көзөмөлгө алды.

«Азирети Муфтийдин 18-марттан 18-майга чейин ишембилик деп чыгарган буйругунун негизинде буга чейин да дин кызматкерлери ишембиликтерге активдүү катышып келишкен. Бул жолкусунда да, ишембиликти бир катар жандандыруу максатында казыят тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилди. Облустун аймагындагы миңден ашуун мечит имамдары, кырктан ашуун КМДБга караган диний окуу жайлардагы кызматкерлери өлкөбүздөгү экологиянын таза болуусу үчүн аз болсо да салым кошууга аракет кылууда», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.