«Апиза эне» ислам институтунда беш тараптуу иш-пландын негизинде жолугушуу өткөрүлдү

Кечээ, 11-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунда Ош облустук казыяты, Ош облустук администрациясы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү, УКМК жана Ош ОИИБ менен биргеликте түзүлгөн беш тараптуу иш-пландын негизинде студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу тарабынан студенттерге Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар жана алардын символдору тууралуу маалымат берилди.

«Силер дин тууралуу окуп, кеңири түшүнүккө ээ болуп жатасыңар. Ошол себептен биз силерди туура эмес агымдарга азгырылбайт деп ишенебиз. Ал эми биздин айткан маалыматтар болсо, башка тааныштарыңарга жеткирүү үчүн болуп жатат. Жаныбыздагы адамдарга кайдыгер карабайлы. Учурда мектептерде «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүк берилүүдө. Бул аркылуу жаштардын адашып калуусунан сактануу жолдору болуп саналат. Ошондой эле, социалдык тармактарды колдонууда диний маалыматтарды же сүрөттөрдү бөлүшүүдө өзгөчө көнүл буруу зарыл. Анткени туура эмес маалымат таратуу менен мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылат», – деди ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу.

Ал эми Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков синтетикалык баңгизаттардын кесепеттери тууралуу айтып өттү.

«Ден-соолук – бул аманат. Аны асырап, сактообуз кажет. Бирок учурда кээ бир жаштарыбыз синтетикалык баңгизаттарды колдонууга өтүшүптүр. Адамдын ден-соолугуна зыян алып келүүчү нерселерден алыс болуу керек. Жаман иштерден өзүбүз да, өзгөлөрдүн да алыс болуусу үчүн жакындарыбызга, досторубузга тынбай эскертип туралы», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.

Жыйын соңунда студенттер өздөрү кызыккан суроолорун беришип, баяндамачыларга ыраазылык билдиришти.