Токмокто «София» аттуу кошумча кесиптик билим берген медресе ачылды

Бүгүн, 12-май күнү Чүй облусунун Токмок шаарында «София» аттуу кыздар медресеси ачылып, пайдаланууга берилди.

Диний окуу жайдын ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков баштаган диний аалымдар жана диний ишмерлер, демөөрчүлөр жана ДОЖдун ачылышына ѳз салымын кошкон инсандар катышты.

Диний окуу жайдын ачылышында сөз сүйлөгөн Самидин кары Атабаев буларга токтолду:

«Бүгүн кубанычтуу күндө турабыз. Анткени Алла Тааланын динин тереңден үйрөтүүчү куттуу жай ишке берилип жатат. Бул медресенин өзгөчөлүгү аялзаты гана диний билим алат. Болгондо да матуридилик акыйдасы, ханафилик мазхабынынын негизинде. Бүгүнкү күндө аялзатынын билимине зор маани беришибиз керек. Анткени эне коомду тарбиялайт. Эгер эне туура нуктагы терең диний билим алса үй-бүлөсү, айыл-кыштак, шаар, анан коом туура жолдо болот».

Ал эми Жоробай ажы Шергазиев медресени түптөгөндөр жөнүндө айтып,

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) илим алуу аял-эркекке да парз экенин ишаара кылган. Ал эми илим ушундай жайларда берилет. Ушундай медресени чуркап жүрүп түптөгөн мүдүрүнө Алла Таалам ыраазы болуп, илимине жана иштерине ийгилик берсин», – деп бата кылды.

«Окуу жайыбызда шарият илимдери менен кошо эле кошумча ашпозчулук, тигүүчүлүк жана медициналык жардам көрсөтүү жаатындагы кесиптик билимдер берилет. Окуу жайды аяктаган соң дароо эки кесиптин ээси болуп чыгышат. Муну менен катар студенттерибиз англис, араб тилдерин дагы терең үйрөнүшөт», – деди медресе мүдүрү Марьям Мамажусупова.

Айта кетсек, аталган диний окуу жайда тигүүчүлүк, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана ашпозчулук кесиптери да үйрөтүлөт. Саамалыктын алкагында диний окуу жайдын курулушуна, ачылышына жана эсептик каттоодон өтүшүнө салым кошкон инсандарга КМДБнын Алкыш баракчасы ыйгарылды.