Азирети Муфтий дүйнөлүк ислам аалымдарынын кеңешме саммитине катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк ислам аалымдарынын кеңешме саммитине катышып жатат.

Саммиттин ачылыш аземине Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган да катышып, Газа тилкесиндеги кыргынды айыптап, бардык мусулман өлкөлөргө кайрылып, абийирдүү мамлекеттер тез арада Палестинаны таануусу керектигин, бул жолдо Аллага гана таянуу зарылдыгын айтып, ислам аалымдары тынбай дуба кылуусу керектигин эскертип өттү.

Түрк президенти ошондой эле Энелер күнү менен бардык энелерди куттуктап, Ооганстандагы сел жүрүүдөн жабыркагандарга сабыр тиледи.