Түптө «Ысык-Көл – ынтымак» аттуу спорт оюндары болуп өттү

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында «Ысык-Көл – ынтымак» аталышындагы спорттун футбол, волейбол жана башка түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын ачылышына Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев катышып, спорттун пайдалары, ынтымактын зарылдыгы, жалпы эле сергек жашоо тууралуу сөз сүйлөдү.

«Динибизде спорт оюндарына эч кандай тыюу салынбайт, тескерисинче сергек жашоого үндөйт. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) балдарга жаа атууну, ат минүүнү, сууда сүзүүнү үйрөткөнгө буйрук берүүсү да сергек жашоого үндөө болуп саналат. Спорт менен машыкканыбыз жакшы, бирок оюндун аркасы менен душмандашып, урушуп, ынтымакты кетирип албайлы. Оюндардын уюштурулуу максаты да биримдик үчүн болуп турат. Элибизде ынтымак, өнүгүү, бейпилдик өкүм сүрсүн», – деди баш имам-хатиб.