Баткенде дин кызматкерлеринин катышуусунда эмдөө боюнча лекция өтүлдү

Баткен облусундагы мечит имамдарына кызамыкка каршы лекциялык түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду. Аталган иш-чарага республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун врач эпидемиологтору Бегзат Умаров жана Азим Кыргызбаев катышты.

Лекциялык түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында кызамыктын келип чыгышы, пайда болушу жана ден соолукка тийгизген таасири тууралуу түшүнүк берип, эмдөө боюнча кеңири маалыматтарды берип өттү.

Жолугушуу соңунда катышуучулар тарабынан суроолор узатылып, адистер тарабынан жооптор берилип, атайы даярдалган “Көңүл бургула – кызамык!” аттуу брошюралар дин кызматкерлерине таратылды.