Ноокат районунда Ош облустук казыятынын көчмө жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 13-май күнү Ош облустук казыятынын көчмө жыйыны Ноокат районунун жалпы имамдары менен биргеликте өтүп, «Үй-бүлө – аманат» аталышындагы темада баяндамалар жасалды.

Аталган көчмө жыйынга Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлеринен Сулайман ажы Шерматов, Билал ажы Надыров, Алибек Акпарали уулу жана Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов, Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов жана Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу жалпы дин кызматкерлери катышты.

Көчмө жыйында облус казысы жана ар бир райондун баш имам-хатиби «Үй-бүлө – аманат» аталышындагы темада өз баяндамасын жасады. Ага кошумча облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев дин кызматкерлеринин жоопкерчиликтери боюнча да токтолуп өттү.

«Мечиттин сыртын имарат кооз көрсөтүп турса, ички кооздугун ынтымактуу жамаат түзөт. Ошол себептен мечит ынтымакка чакырган жер болуусунда имамдын орду чоң. Андыктан дин кызматкерлери башкаларга үлгү болуусу үчүн кийинүүсү, сүйлөөсү, жүрүм-туруму жана бардык тараптан мыкты деңгээлде болушу керек. Буйруса бул жылы облус боюнча айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу максатында атайын критерийлердин негизинде ар бир райондо өзүнчө имамдар арасында конкурс уюштурулат. Байгеге умра сапарына жолдомо берүүнү пландап жатабыз. Ал эми бүгүнкү темабыз боюнча ажырашуулардын алдын алуу максатында облустун аймагындагы жалпы имамдар үчүн үй-бүлөнү сактап калуу же ажырашууну болтурбоо үчүн бирдиктүү нике хутбасын даярдалууда. Муну менен имам тарабынан нике кыюу учурунда эки жашка үй-бүлө баалуулуктары, талак маселелери боюнча толук маалымат берилгенде ажырашуулардын саны азаят деп ишенебиз. Ошол себептен, нике кыюуда шашпастан жарым сааттан бир саатка чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле, талак маселеси боюнча жооп берүүдө мүмкүн болушунча илимдүүлөр менен кеңешүү же атайын фатва адистерине жөнөтүү керектиги да айтылды.

Жыйындын соңунда, райондогу имамдардын кылып жаткан кызматтарына ыраазычылык айтылып, арасынан мыкты деп аталган 4 имамга казыят тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Айта кетсек, Ош облустук казыятынын көчмө жыйыны облус аймагындагы ар бир райондо өткөрүлүп, атайын бир теманын алкагында баяндамалар жасалат.