Кадамжай жана Кызыл-Кыяда ажылык сапарга баруучуларга сабак уюштурулду

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Кызыл-Кыя шаарынан ажылыкка аттана турган жарандар менен жолугушуп, ажылыктын исламдагы орду, ажылык ибадатты так аткаруу, ажы башчыларга баш ийүү, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик, бири-бирин сыйлоо, бири-бирине кызмат кылуу боюнча сабак өтүп, сабакка катышкандардын суроолоруна жооп берди.

Болочок ажылар менен болгон жолугушууда Замир кары Ракиев ажылык сапар учурунда Сауд Араб Падышачылыгынын тиешелүү мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын аткаруу керектигин түшүндүрдү.

Аталган иш-чарага Кадамжай районунан жана Кызыл-Кыя шаарынан ажыларды коштоп баруучу жооптуу ажы башчылар жана имамдар катышты.