Чүйдө болочок ажыларга ажылык амалдарын туура аткаруу боюнча сабак өтүлдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан «Вадат Абу Ханифа» мечитинде Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорунан 2024-жылкы ажылык сапарына баруучуларга ажылыктын пазилети, андагы амалдарды туура аткаруу боюнча сабак өтүлдү.

Сабакты Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу өттү. Семинардын жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулуп, болочок ажылар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Жыйындын аягында жалпы ажылык сапарына баруучуларга аман-эсен барып келүүлөрү үчүн дуба кылынды.

Белгилей кетсек, быйыл Чүй облусунан ажылык сапарына баруучулардын жалпы саны 1137 киши экенин Чүй облусунун ажылык боюнча куратору Азат ажы Абытов билдирди.