ОшМУнун юридикалык факульетинде укук жана дин предмети боюнча лекция өтүлдү

Бүгүн, 14-май күнү Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин «Жарандык укук жана процесси» кафедрасынын укук жана дин предмети боюнча конок лекция өтүлдү. Лекцияны Ош шаарынын Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинин имамы Хадисбек кары Нурматов өтүп, Куран жана сүннөттүн жалпы талаптары жана ченемдери, Куран жана сүннөт мыйзамдарынын айырмалуу чектери боюнча сөз кылды.

«Динибизде адамзаттык баалуулуктар менен бирге жалпы укуктук база камтылуу. Ислам укуктары менен мамлекеттик мыйзамдар өтө көп жерде жалпылаш. Бул боюнча сиздерде деле жетиштүү маалымат болсо керек. Анткени укук деген сөздүн өзү ислам маданияты аркылуу биздин тилге кирген», – деп билдирди конок лектор.

Айта кетсек, аталган иш-чара Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин «Жарандык укук жана процесси» кафедрасы тарабынан уюштурулду.