Стамбулда өтүп жаткан дүйнөлүк ислам аалымдарынын кеңешме саммити жыйынтыкталды

Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда өтүп жаткан дүйнөлүк ислам аалымдарынын кеңешме саммити жыйынтыкталды.

Саммиттин алкагында КМДБ жетекчиси Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Дин иштери министри проф., док. Али Эрбаш менен жолугушуп, диний билим берүү, бир туугандык мамилелерди өркүндөтүү жана муфтияттар аралык тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

Айта кетсек, саммиттин ачылыш аземине Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган катышып, Газа тилкесиндеги кыргынды айыптаган.