Султаналы ажы Гапуров Таласта өткөн экстремизмдин алдын алуу боюнча семинарга катышты

2024-жылдын 13-майында Талас облусунда милиция кызматкерлери үчүн семинар өттү. Семинар Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында  уюштурулду.

Бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулукту, экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү. Семинарда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Ратбек Турусбеков, Арсен Ажыгулов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусу боюнча өкүлү Темирлан Нурадилов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын үгүт-насаат, даават, жаштар жана аялдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Султаналы ажы Гапуров тренер катары чыгышып, милиция кызматкерлерине салттуу исламдын концепциясын, экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологиясын, социалдык тармактардагы экстремисттик материалдарды аныктоону, Талас облусундагы жалпы диний кырдаал, көйгөйлүү маселелер жана алды чечүүнүн жолдорун айтып беришти.

Талкуунун жүрүшүндө облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттары, жаштар жана аялдар арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуунун жолдору баса белгиленди. Семинарды өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан берилген суроолорго эксперттер жоопторду беришип, ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер таратылды.