Чүйдөгү «Равза» медресесинин студенттери компьютердик билим боюнча сертификатка ээ болушту

Чүй облусундагы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин студенттерине кошумча кесипке окутуу боюнча негизги компьютердик билим сабагынан 2,5 айлык курсу аяктады. №43 профессионалдык лицейдин мугалимдери аталган курсту аяктаган балдардан сынак алышып, студенттерге сертификаттар тапшырылды.

«Динибизде адал эмгек кылуу зарыл амалдардан. Пайгамбарыбыз куттуу хадисинде мындай деп белгиленген: «Кайсыл бир иштен (ибадатка) бошой албаган адамга жардам бер, же болбосо (ишке) жөндөмү жок бирөөнүн ордуна иш кыл». Мына ошондуктан кесип үйрөнүп, өз колубуз менен ырыскы табуу ар бирибизге зарыл милдет. Ушундан улам биз медреседе балдар-кыздарга диний сабактардан сырткары кошумча кесипке шыктандырууну да чогуу алып барабыз», – деп билдирди Өскөнбай ажы Каландаров.