Талас имамдарына кварталдык жыйын өткөрүлдү

Талас районунун имамдарына кварталдык жыйын болуп өттү. Жыйынга облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу жана Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди ажы Өмүралиевдер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө беш айда аткарылган иштер боюнча маалыматтар айтылып, бир канча тапшырмалар берилди.

1. Мечиттердин тазалыгы;

2. Каникул учурунда мечиттерде күндүзгү курстарды уюштуруу;

3. Муфтият жана казыяттан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу.

Чогулуштун соңунда казыят тарабынан мечиттерге Имам Муслимдин кыргызчага которулган хадис китеби белекке берилди.