Панфиловдо жогорку класстардын окуучуларына лекция окулду

Панфилов райондук администрациясынын жыйындар залында «Наркотикалык заттардын зыяндуулугу, Экстремизм, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу» боюнча жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга КР ИИМ Академиясынын кылмыш-жаза укугу кафедрасынын доценти, полковник Манас Аманбаев, Панфилов районунун акиминин 2-орун басары Максат Тилекматов, Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиева, РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Талгар Мамбетказиев, УКМКнын Панфилов районунундагы өкүлү Тынчтыкбек Орозбаев, Панфилов районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Курманкалый Орозов, баш имам-хатиб Жуманбек ажы Дуванаев катышты.

«Жаштар биздин келечек, акыркы учурда  жаш өспүрүм балдардын арасында ар түрдүү кылмыштуулуктун таралуусу баарыбызды өкүндүрөт. Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде мындай деп белгиленген: «Балага жакшы таалим тарбия берүү – садака жаария». «Садака жаария» бул араб тилинен алынган токтобой жүрүп туруучу, агып туруучу деген маанилерди да берет. Кээ бир садака жарыя кыяматка чейин ата-энесине берилип турат. Ошондуктан балдардын таалим-тарбиясына көңүл буруу эң зарыл маселе», – деп билдирди баш имам-хатиб Жуманбек ажы Дуванаев.