Таласта болочок ажыларга ажылык амалдары боюнча сабак өтүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын имаратында 2024-жылы ыйык ажылык сапарга баруучулар үчүн ажылыктын пазилети, ажылыктын амалдары жана тартиптери жөнүндө сабак өтүлдү.

Сабакты КМДБнын фатва бөлүмүнүн кызматкери Равшан ажы Эратов өтүп, ажылардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Иш-чара соңунда ажылык сапарга аттанып жаткан ажыларга аман-эсен барып келүүлөрү жана өлкө үчүн дуба кылынды.

Эске салсак 2024-жылы Талас облусунан ажылык сапарга аттанып жаткан адамдардын саны 63 адам деп билдирди казыяттын ажылык боюнча куратору Замир ажы Кадыралиев.