![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/05/IMG-20240513-WA0070.jpg)
Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин тапшырмасына ылайык, казыяттын мечит-медреселер адиси Рысбек Кокумов эсептик каттоодон өткөн медреселердин иш кагаздарын, окуу программаларын жана тазалыгын текшерүүдөн өткөрдү.
Эске салсак, азыркы күндө Талас облусу боюнча 7 медресе иш алып барууда. Алардын 1 и кыздардын медресеси болсо, калганы уландардын медресеси болуп эсептелет.