Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ажылык иштеринин жүрүшү, даярдыктар боюнча отчеттук маалымат укту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ажылык иштеринин жүрүшү, жалпы даярдыктар боюнча 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаевди, штаб мүчөлөрүн жана борбордук текшерүү комиссиясынын (БТК) төрагасы Бакыт ажы Нурдиновду кабыл алды. 

Жолугушуунун алкагында болочок ажылардын ажылыкка болгон даярдыктары, мейманкана, тамак-ашы, автобустар, медициналык жардам көрсөтүүлөр, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызматтар боюнча штабдын даярдыгы боюнча маалыматтарын укту. 

«Ажыларга кызмат көрсөтүүдө штаб кызматкерлери, өзгөчө ажы башчылар дыкат иш алып барышы керек. Ажыларыбызга Сауд Араб Падышалыгынын (САП) тиешелүү мыйзамдарын, жолдо жүрүү эрежелерин жакшы түшүндүрөлү. Ар бир эреже-тартипти ажы башчылар аркылуу ажыларыбызга жеткирип, эң негизгиси коопсуздукту жакшы карайлы. Ажылыктын эрежелерин, ибадаттардын туура аткарылышын ажыларыбызга учуп кеткиче тынымсыз үйрөтүү зарыл. Ажы башчылардын бул жааттагы жоопкерчилигин катуу караңыздар», – деди Азирети муфтий.