Токмоктогу имамдарга «Фикхул акбар» китебинен акыйда семинары башталды

КМДБнын 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матуриди» илим изилдөө борборун түзүү боюнча буйругу, ошондой эле Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2024-жылга карата иш-чараларынын планынын алкагында, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү, окуу курстарын уюштуруу максатында Чүй районунун жана Токмок шаарынын имамдарына Токмок шаарындагы «София» медресесинде беш күндүк окуу семинары башталды.

Семинардын ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Бакытбек ажы Усманов, Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, акыйда устаздары Белек ажы Турдалиев, Абу Бакир Марат уулу, Чүй районунун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаев, Токмок шаарынын баш имам-хатиби Имиржан ажы Касымов жана Чүй, Токмок шаарынын жалпы имамдары катышты.

«Албетте имам болуу өтө жоопкерчиликтүү кызмат. Күн-түн дебей элдин жакшылык-жамандыгына күбө болуп, ак кызмат көрсөтөсүздөр. Мына ошондуктан сиздердин ар тараптуу өнүп-өсүүңүздөргө колдон келишинче шарт түзүүгө аракет кылабыз. Ушундай окуу курстар илим-билимди арттырууга, тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан сабактардан калбай, кызыгуу менен катышып бериңиздер. Аллах Таала эли-жерибизге тынчтык-аманчылык берсин. Алган илимиңиздер жугуштуу болсун», – деп белгиледи бөлүм башчы Бакытбек ажы Усманов.