Сузактагы “Имам-Азам” медресеси эми ислам институту болуп өзгөрөт

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Сузак районундагы “Имам-Азам” медресесин зыярат кылып, диний окуу жайдын абалы жана шарты менен таанышты.

Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, “Сандан сапатка өтүү мезгил талабы. Ошондуктан диний чөйрөдө да ирилештирүү иштерин колго алып, диний окуу борборлордун, медреселердин иштөө тартиби менен программасын көзөмөлгө алуу учур талабы. Мындан сырткары өзүнүн тарыхы бар Сузак районундагы белгилүү “Имам-Азам” медресесинин бүгүнкү өкүнүчкө карай, көңүл жылытарлык абалда эмес. Бул медресеге жергиликтүү жамааттарды, ишкерлерди тартуу менен менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Бул куттуу жайдын бүгүнкү абалынан Азирети Муфтийдин да кабары бар. Буйруса Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы да оңдоп-түзөө иштерине каралашат. Эң башкысы, бул жай эми медресе катары эмес Ислам институ катары иштеши керек. Элдин, жаштардын диний билимин жогорулатууга, татыктуу кадр даярдоого салым кошкон ордого айланат деп ишеним артабыз”, – деп билдирди.

Ал эми КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров өз сөзүндө, “Имам-Азам” медресеси Ислам иниституту болуп өзгөрүүсүн толугу менен колдойм. Эң негизгиси документ иштерине тыкыр көңүл бурулушу зарыл. Документ иштерин даярдоодо чабалдык кетпеши кажет. Ал эми оңдоп-түзөө иштерине келсек, биз да четте карап турбайбыз. Биз тараптан зарыл болгон жардамдар көрсөтүлөт”, – деп белгиледи.

Зыяраттын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Имам-Азам” медресеси бир учурда элдин диний сабаттуулугун жоюуга, жаштарга татыктуу диний билим берүүгө жана тарбиялоого өз салымын кошуп келгенин айтып буларга токтолду.

«Имам-Азам» медресесинин иши акыркы жылдары абдан солгундап кетти. Анын түрдүү себептери бар. Эгер сиздер колдоп, бул жай мындан ары Ислам институту катары кызмат кылса, Жалал-Абадда жогорку диний билим алууну каалаган жаштардын көксөөсү орундалмак. Биз буйруса оңдоп-түзөө иштерине толук көңүл буруп, жаңы дайындалган мүдүр менен биргеликте бар күчүбүздү жумшайбыз».

Эске салсак, “Имам-Азам” медресеси 1999-жылдан бери өз ишмердигин жүргүзүп келет. Учурунда 200гө чейин студенттерди кабыл алган балдар медресесинде бүгүн билим алган балдар жок. Ал эми кыздар бөлүмүндө 200гө жакын кыз-келиндер диний билим алышат. Аларга 10го жакын устаза билим жана тарбия беришет.