Мелисбек ажы Турганбаев жаңы борбордук мечиттин курулушунан кабар алды

Жалал-Абад шаарына жаңы дайындалган баш имам-хатиб Мелисбек ажы Турганбаев шаардагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, имамдар менен биргеликте калаадагы 10 миң орунга ылайыкталып курула турган жаңы борбордук мечитти зыярат кылып, курулушту баштоо алдында турган курулушчулардан кабар алды.

Зыярат алкагында шаардын баш имам-хатиби ислам дининде мечит куруунун пазилеттери жана сооптору жөнүндө айтып, куруучуларга жана демилгечилерге ак батасын берди.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы “Имам Аль-Бухарий” жума мечити ушул жылдын 17-майынан тарта өз ишмердигин токтоткон. Эски жума мечиттин ордуна 10 миң орунга ылайыкташкан жаңы, заманбап мечит куруу иши “Эл-тилеги” коомдук фонду тарабынан башталган. Учурда эски мечитти бузуу иштери жүрүп жатат.