Куттубек ажы Дуйшебаев: «Артыбыздан жакшы муун өстүрүүгө аракеттенели»

Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дуйшебаев Орловка шаарындагы «Мухаммад» мечитинде аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, бир нече маселелерге токтолду:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгын ишке ашыруу;

— КМДБдан жана казыят келген буйруктарды так аткаруу;

— Ата-энелерге баланын тарбиясы маанилүү экенин жана ар дайым көзөмөлдөө зарыл экенин айтып жеткирүү.

«Окуу жылы аяктап калды. «Жаштар биздин келечек» демекчи, жаштардын арасында ар түрдүү кылмыштуулуктун таралуусу баарыбызды өкүндүрбөй койбойт. Мына ошол нерселердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туралы. Алардын таалим-тарбиясына көңүл буруу – эң зарыл маселе. Аларды эл-жер үчүн кызмат кылууга, максаттуу илим алууга үгүттөп, өзүбүздүн артыбыздан жакшы муун өстүрүүгө аракет кылалы», – деп билдирди баш имам-хатиб Куттубек ажы Дуйшебаев.