Жунус ажы Исмаилов Сузак районунун баш имам-хатиби кызматына дайындалды

Жунус ажы Исмаилов – Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби кызматынан Сузак районунун баш имам-хатиби кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков кол койду.

Жаңы дайындалган райондун баш имам-хатибин облус казысы жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Жунус ажы Исмаилов 2022-жылдын ноябрь айынан бери Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби болуп иштеп келген. 

Өмүр таржымалы жана эмгек жолу:

Исмаилов Жунус Жумурович 1980-жылдын 11-октябрында Сузак районунун Кара-Чолок айылында туулган. Билими – жогорку, ОШМУнун теология факультетине 1997-жылы тапшырып, 2002-жылы ийгиликтүү аяктаган.

2003-2006-жылдары Сузак районун Жаны-Дыйкан орто мектебинде мугалим;

2006-2008-жылдары Сузак районунун А. П. Гайдар орто мектебинде мугалим;

2008-жылы Сузак районунун билим берүү бөлүмүндө убактылуу кадрлар бөлүмүнүн башчысы;        

2010-жылы Сузак районунун Кара-Чолок айылында «Кара-Чолок» жума мечитинин имамы;

2011-жылы Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын дават боюнча адиси;

2015-жылы Курманбек айыл өкмөтүнүн имам-хатиби;

Ошол эле жылы Сузак районунун баш имам-хатиби;

2022-жылы ноябрь айынан 2024-жылдын май айына чейин Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби кызматын аркалап келген.

Жунус ажы Исмаиловго 2021-жылы Сузак районунун ардактуу атуулу деген наам ыйгарылган.

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.