Мирланбек ажы Токтомушов Ош эл аралык аэропортунун директору менен жолукту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош эл аралык аэропортунун директору Тимурлан Маданбеков менен жолукту. Жолугушуунун алкагында калаа казысы 2024-жылкы ажылык сапарына баруучулардын ичинен түштүк аймагындагы талапкерлер Ош эл аралык аэропортунан уча турганын белгиледи. 

Аны менен катар ажыларды узатуу жана тосуп алуу маселеси каралып, зыяратчыларды көзөмөлдөө Ош шаардык казыятка жүктөлгөнүн айтты. Ал эми аэропорт кызматкерлери учуучу рейстерди толук тактап, ажылардын алгачкы тобун учурууга даярдык көрүп жатканын билдирди. 

Шаар казысы ажыларга кызмат кылуу чоң сооп болорун, жоопкерчилик жагын да көзөмөлгө аларын айтып, ажылар рейстерге эртерээк чакырылып, каттоодон өтө турган убакытка баары даяр болушарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарынан алгачкы рейс 31-май күнү учат.