Жалал-Абад шаарындагы имамдар жаштар менен иштөө жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүштү

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Турганбаев жалпы имамдарга жыйын өтүп, ага облустук ички иштер башкармалыгынын жана ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, аксакалдар катышты. Жыйында өз өмүрүнө кол салуу, зобулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасында баңги заттар боюнча биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

«Дин кызматкерлери менен биргеликте иштеп, көптөгөн натыйжалуу иштерге жетишип жатабыз. Бул иш дагы токтобошу керек. Себеби мамлекет, эл үчүн бирге иштеп, келечегибиз болгон жаштарга туура жолду көрсөтүп берели. Үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууда, жаштар арасында баңги заттар боюнча ата-энелер менен чогу иштесек. Ошондой эле бүтүрүү кечелери башталып, балдар билбестиктен ар кандай туура эмес жолдорго барышы ыктымал. Ушул жана коомдогу көйгөйлөр менен бирге күрөшсөк ийгиликке жетебиз!»,-дешти ОИИБ өкүлдөрү.

Ал эми шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Турганбаев коомдогу көйгөйлүү маселелр боюнча атайын Азирети Муфтийдин тапшырмасы бар экендигин айтып, дин кызматкерлери бул жаатта тынымсыз иш алып барып жаткандыгын билдирди.

«Бүгүн жана буга чейин дагы өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлери ата-энелер, мугалимдер менен бирге бир топ иштерди алып барып келишти. Биздин милдет коомдогу терс көрүнүштөргө жол бербей, элибизге динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирип туруу. Андыктан мечиттерге келген жарандарга, эл чогулган жайларда терс диний агымдар, экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге өзгөчө жаштар менен иштөөнү колго алышыбыз керек. Себеби, жаштар-биздин келечек!»,-деди Мелисбек ажы Турганбаев.