Көчмө штаб Меккеде ажы башчыларга алгачкы жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 5-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын ыйык Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан ажы башчыларга алгачкы жыйын өткөрүлдү.

Жыйын Алла Тааланын кереметтүү Сөзү болгон Куран окуу менен башталып, УРШ төрагасы Самидин кары Атабаев ажылык процесси боюнча жалпы маалымат берди.

«Жалпыбызга маалым болгондой, улуу ибадатты орундатуу үчүн өлкөбүздөн 6 миң адам ажылыкка келиши күтүлүүдө. Азыр 2 миң ажыбыз Меккеге келип, мейманканаларга жайгаштырылды. Бул үчүн Аллага чексиз мактоолор болсун. Ажылык өзү жоопкерчиликти, ыкласты, сабырды талап кылган ибадат. Андыктан урматтуу ажы башчылар, «ажылык – бул машакат» деген хадисти жетекчиликке алып, ар кандай кырдаалдарда сабыр, түшүнүктүүлүк жана итаат кылуу керек жана мында береке бар. Зыяратчыларга ибадат боюнча толук жана так маалымат бериңиздер. Сиздерде жана бизде эки дүйнө жоопкерчилик бар», – деди Самидин кары.

Жыйындын жүрүшүндө УРШ өкүлү, БТК жетекчиси Бакыт ажы Нурдинов биримдик, тартип жана системалуу иш алып баруу боюнча сөз сүйлөсө, УРШнын дагы бир мүчөсү, КМДБнын САПтагы өкүлү Абдували ажы Акматов быйылкы жылдагы ажылыкты уюштуруу процессиндеги жаңылыктар жана өзгөрүүлөр боюнча кыскача токтолуп өттү.