Кыргызстандык ажыларды тамак-аш менен камсыздоочу фирма текшерилди

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб кыргызстандык ажыларды тамак-аш менен камсыз кылуучу «Аль-Кайан валь-Мумаййаз» фирмасын зыярат кылып, тамак даярдоо процессин жеринен текшерди. Текшерүүгө УРШ төрагасы Самидин кары Атабаев, БТК жетекчиси Бакыт ажы Нурдинов баштаган көчмө штабдын өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, аталган фирма Меккедеги жалпы кыргызстандык зыяратчыларды тейлейт.