Ысык-Көл районундагы жалпы дин кызматкерлерге жыйын өтүп, 6 айда жасалган жумуштардын маалыматы угулду

Ысык-Көл районундагы жалпы дин кызматкерлерге жыйын өтүп, 6 айда жасалган жумуштардын маалыматы угулду

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жалпы дин кызматкерлерге жыйын өтүп, анда баш имам-хатиб Максат Сейталиев каттоодон өтө элек диний объекттерди тездетүү, муфтият, казыят тарабынан келген буйруктарды өз мөөнөтүндө аткаруу, бекитилген иш пландарга жетишүү, Ханафий мазхабы жана Матрудий акыйдасы боюнча эл арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү жаатындагы иштердин маалыматтарын укту.

«Быйылкы жылыбыз дагы ортолоп баратат. Андыктан бекилген иш пландардын аткарылышын тездетели! Элибиздин арасында Ханафий мазхабы жана Матрудий акыйдасы боюнча иш алып барып, ар кандай чагымчылдык көрүнүштөргө жол бербейли. Муну менен катар мечиттерибиздин каттоосуна көңүл буруп, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташалы. Ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү ишин солгундатпайлы»,-деди баш имам-хатиб.