Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө жарлыктын негизинде Бишкек шаарына 66 мечит кошулду

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Бишкек шаарына кошулуп жаткан айыл аймактардын имамдарына жыйын өткөрдү.

Шаар казысы Биринчи май районуна 14 мечит, Ленин районуна 33 мечит, Октябрь районуна 2 мечит, Свердлов районуна 17 мечит жана 4 диний окуу жай кошулгандыгын айтып, тиешелүү документтерин тез арада бүткөрүү тапшырмасын берди.

«Буга чейин Бишкек шаарында 75 мечит болгон болсо, бүгүн 66 мечит жана 4 диний окуу жай кошулду. Мындан аркы биздин милдетибиз каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин тездетүү жана имамдар менен иш алып баруу»,-деди шаар казысы.

Жыйын борбордук «Кимсанбай ажы» атындагы мечитте өтүп, ага 4 райондун баш имам хатибтери катышты.