Мирланбек ажы Токтомушов шаардык казыяттын түзүмүнө кошулган диний окуу жайларды текшере баштады

Окуучулардын билим сапатына көңүл буруубуз абзел. Медресени бүткөн окуучуларды имамчылык же мугалимдик жумуш менен камсыздап, эл муктаждыктарын чечип беришибиз зарыл. Мындай пикирин Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов шаардык казыяттын түзүмүнө жаңыдан кошулган  “Абдурахман ибн Ауф” медресесинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугуп жатып билдирди.

«Ош облусунан үч медресе жана эки окуу борбор Ош шаардык казыяттын түзүмүнө кирип, алар казыят тарабынан текшерүүдөн өткөрүлүп жатат. Биз диний окуу жайлардын ар биринин абалына жана окуусуна түзүлгөн шарттарды, окуу программаларын дыкат карап чыгабыз. Бул жаатта казыят ар тараптуу көмөк көрсөтөт»,-деди Мирланбек ажы Токтомушов.

Муну менен катар шаар казысы студенттердин билимине, адеп-ахлагына, тарбиясына катуу көңүл буруу керектигин билдирип, “Абдурахман ибн Ауф” медресесинин мугалимдерине ийгилик каалады.