Абдиллажан Оморов уулунун жылдыгын өткөрө турган каражатка мектептин короосуна брусчатка төшөп, жаңы дарбаза коюп берди

Майлуу-Суу шаарынын тургуну  Абдиллажан Оморовдордун үй-бүлөсү шаардагы №1-Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин короосуна брусчатка төшөп, жаңы дарбаза коюп берди. Саамалыкты аталган үй-бүлө Азамат аттуу уулунун жылдыгынын урматына пайдалуу иш жасоону көздөшкөн. Бул тууралуу шаардын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков билдирди.

“Өлкө башчынын “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” чыгарылган жарлыгына  ылайык  Абдиллажан Оморов уулуна сооп жеткирип, пайдалуу иш жасоону көздөө максатында шаардык хатибиятка кайрылган. Азамат мындан бир жыл мурда каза болгон. Бул жылы адатка айланып калган уулунун жылдыгы   болмок. Бирок минтип мектепке жардам кылышууда”,-деди Абсаттар ажы Эркинбеков.

Ал эми Абдиллажан аксакал уулу Азамат аталган мектепте билим алып, келечекке чоң жакшы ой-максаттарды коюп, жакшы тилек менен жашаганын айтып келет.

“Уулум Азамат мектепте жакшы окуду. Биз үчүн мыкты уул, бир туугандары үчүн мээримдүү, боорукер боло алды. Жашоо дегенин ушул экен, балам акка моюн сунуп, оо дүйнө кете берди. Үй-бүлөм менен кеңешип, айылдагы мечитке бардым. Балам үчүн кандай сооп жумушту жасаарымды имамга айттым. Менин кебимди угуп, уулум окуган мектептин короосуна брусчатка менен дарбазасын жаңылап берүүмдү айтты. Ошентип бул ишти балама сообу тийсин деп жасап берүүгө кириштик. Эң башкысы уулумдун акырети үчүн пайдалуу бир иш кылсак деген жакшы ниет болду”, – деди маркум Азаматтын атасы Абдиллажан Оморов.

Абдиллажан Оморовдун бул иши башкалар үчүн үлгү, уулу Азаматтын акырети үчүн пайдалуу иш экендигин айткан айылдыктар, мектеп жамааты Азамат үчүн дайыма дуба кылып турушаарын айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.