2019-жылдын ажылык иштери башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ажыга баруучулардын кийимин (форма) тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт.
Ажыларга кийим тигүүчү тараптар ортосунда жарыялаган конкурска катышуучуларга коюлуучу талаптар
- Убактылуу Республикалык Штабдын төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.
- Документтердин (мекеменин, уюмдун, фирманын) көчүрмөсү.
- Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.
- Салык төлөө жана соц. фондко которуу боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документ.
- Конкурска катышуучу жактын кеминде үч жылдык ишмердүүлүгүн тастыктоочу каржы иш кагаздары.
- Реквизиттер.
- Эркектер үчүн кийимдин үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
- Аялдар үчүн кийимдин үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
- Штабдын кызматкерлерине эркектер үчүн кийимдин үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
- Конкурска катышууга заявкалар 11.01.19-ж.дан 102.19-ж. чейин кабыл алынат.
Конкурс тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төмөнкү дарегине кайрылса болот.
Бишкек ш, Гоголь көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).
Тел: 0705811523
Тел/факс: 0312 48 61 67
Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
Конкурс өтө турган күн:
14-февраль, 2019-ж. Саат 10:00
Конкурс өтө турган жайы:
Муфтияттын жыйындар залы.
Документтерди кабыл алуу:
2019-жылдын 11-январынан 11-февраль саат 17:00гө чейин.
Жыйынтыкты жарыялоо күнү:
2019-жылдын 15-февралы.
ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
КМДБнын Ажы-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү