Азирети Муфтий Муфтияттын кызматкерлерине 2019-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрүп, анда 2019-жылдагы аткарылуучу иштерди талкуулап, бөлүм башчыларга бир катар тапшымаларды берди

Бүгүн, 8-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Муфтияттын кызматкерлерине 2019-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрүп, анда 2018-жылды жыйынтыктап, жетишкендиктер менен кемчиликтерге көңүл буруу, 2019-жылга карата иш пландарды бекитүү маселелери каралды.

Муну менен катар жыйындын алкагында облустук жана шаардык казыяттардын, райондук хатибияттардын ишин оптималдаштыруу, имамдардын отчетторун жакшыртуу жана алардын квалификацияларын жогорулатуу, ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу, коомчулук арасында түшүндүрүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу маселелери талкууланып, айрым бөлүмдөргө ишти жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

«Биз ар бир күнү өзүбүзгө отчет берип, коомубуздун ыймандуулугу, адеп-ахлагы жана мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн жан үрөп иштешибиз зарыл. 2019-жылга карата багыттуу иш пландарды түзүп, анын ишке ашышына бар күчүбүздү жумшайлык»,-деди Азирети Муфтий.

Ошондой эле жыйында билим берүү, үгүт-насаат, фатва, ажылык, иш башкармалык бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.