Жарыя! Муфтият ажылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт (талаптар)

2019-жылдын ажылык иштери башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ажыга баруучулардын кийимин (форма) тигүүчүлөр ортосунда  конкурс жарыялайт.

Ажыларга кийим тигүүчү тараптар ортосунда жарыялаган конкурска катышуучуларга коюлуучу талаптар

  1. Убактылуу Республикалык Штабдын төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арызы.
  2. Документтердин (мекеменин, уюмдун, фирманын) көчүрмөсү.
  3. Лицензия (патенттин) көчүрмөсү.
  4. Салык төлөө жана соц. фондко которуу боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документ.
  5. Конкурска катышуучу жактын кеминде үч жылдык ишмердүүлүгүн тастыктоочу каржы иш кагаздары.
  6. Реквизиттер.
  7. Эркектер үчүн кийимдин үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
  8. Аялдар үчүн кийимдин үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
  9. Штабдын кызматкерлерине эркектер үчүн кийимдин үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
  10. Конкурска катышууга заявкалар 11.01.19-ж.дан 102.19-ж. чейин кабыл алынат.

Конкурс тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Гоголь көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Тел: 0705811523

Тел/факс: 0312 48 61 67

Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Конкурс өтө турган күн:             

14-февраль, 2019-ж. Саат 10:00

Конкурс өтө турган жайы:

Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу:       

2019-жылдын 11-январынан 11-февраль саат 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү:             

2019-жылдын 15-февралы.

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

 

КМДБнын Ажы-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү