Баткен шаарынын жана Баткен районунун имамдары 2019-жылы аткарылуучу иштерди талкуулашты

Баткен  райондук хатибияты жыл жыйынтыгын чыгарып, 2019-жылы аткарылуучу иштерди талкуулашты.  Отчеттук жыйын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттан келген тапшырмалардын аткарылышы, мечиттердин катоосу, тазалык маселелери жана жарандарга түзүлгөн шарттар каралып, сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле 2019-жылы жергиликтүү бийлик, коомчулук менен иштөөнү жакшыртып,  Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш алып баруу чечими кабыл алынды.

Ал эми жыйын соңунда аймактарды өнүктүрүү жылында жан үрөп эмгектенген имамдар  “Ардак грамота” менен сыйлады.

Имамдардын отчеттук жыйыны Баткен шаарындагы «Ал Бухари» мечиттинде  өтүп, ага Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров, Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов, Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов, Баткен шаарынын жана Баткен районунун  имамдары катышты.